Кремл Вашингтон өткөн апта этегинде киргизген санкцияларды “келишкис” жана "мыйзамсыз" деп, Орусия Кошмо Штаттарга татыктуу жооп берерин билдирди.
9-апрелде орус өкмөтүнүн жогорку жетекчилери санкциялардан ишканалар кандай жабыр тартаарын баалап, аларга мамлекеттик көмөк көрсөтүүгө убада берди.
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жаңы санкциялар “кабыл алгыс, мыйзамсыз жана алар эл аралык укуктун чегинен чыгып кеткен” деп баалаган.
Санкциялардын жаңы айлампасы жарыяланган соң рублдин курсу ылдыйлап, баалуу кагаздар арзандап, "кара тизмеге" кирген компаниялар зыян тарта баштады. Маселен, Олег Дерипасканын ишканалары сезилерлик жабыр тартканы белгиленди.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков орус бийлиги анын экономикага тийгизген потенциалдуу зыянын иликтей турганын билдирген. Ал “бизге жооп берүү үчүн мындай чаралардын көлөмүн жана таасирин түшүнүүгө убакыт керек” деп айткан.
6-апрелде Кошмо Штаттар Орусиянын коопсуздук кызматтарынын жетекчилерин, саясатчыларды жана президент Путинге жакын делген миллиардерлерди “кара тизмеге” киргизген. Вашингтон мындай чечимин “Москванын дүйнөгө тийгизген зыяндуу ишмердигин” жазалоо чарасы деп түшүндүргөн.