Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Британия, Франция жана АКШ Сирия боюнча бир чечим кабыл алышат


Cирияда химиялык деп эсептелген чабуулга кабылган балдар. 8-апрель, 2018-жыл.
Cирияда химиялык деп эсептелген чабуулга кабылган балдар. 8-апрель, 2018-жыл.

Британ премьер-министри Тереза Мэй Сириянын Дума шаарында химиялык курал колдонгондор «жоопкерчиликке тартылышы зарыл» деп билдирди. Бул тууралуу Мэй журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал ошондой эле Британия өз аракетин АКШ жана Франция менен координациялай турганын белгиледи.

Бул үч мамлекет Сирияда эмне болгонун ийне-жибине чейин билиш үчүн болгон күч-аракетин жумшайт.

Мурдараак АКШ менен Франциянын лидерлери эгер Сирия бийлигинин химиялык чабуулга тиешеси бар экени ырасталса, ага катаал жооп берилээрин билдирген.

Аймактан келген кабарларга караганда, Сириянын өкмөттүк күчтөрү жана Ирандын Сакчылар корпусунун отряддары "АКШ ракета менен сокку урушу ыктымал" деп жогорку даярдыкта турушат.

Батыш мамлекеттери Дума шаарындагы адам өмүрүн алган болжолдуу химиялык чабуул үчүн жоопкерчиликти президент Башар Асадга жүктөп жатышат.

Сириянын бийлиги менен Орусия мындай дооматты четке какты. Дамаск менен Москва Химиялык куралга тыюу салган эл аралык уюмдун адистерин Дума шаарына киргизүүгө даяр экенин жарыялашты.

XS
SM
MD
LG