Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:14

Сириядагы химиялык чабуул: тараптардын эскертүүсү


Сириядагы болжолдуу химиялык чабуул тартылган видеодон үзүндү.
Сириядагы болжолдуу химиялык чабуул тартылган видеодон үзүндү.

АКШ химиялык чабуул тууралуу маалыматтардан улам Сирияга каршы аскердик чара көрө алаарын эскертти. Орусия мындай аракеттин кесепети “өтө оор болоорун” айтууда. Жарандык согуш жүрүп жаткан өлкөдөгү соңку химиялык чабуул деп эсептелген окуя Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында да талкууланды.

"Cирияда карапайм элге каршы химиялык курал кайрадан колдонулду" деген маалыматтар АКШда президент Дональд Трамп аскердик кеңешчилери менен 9-апрелде өткөргөн жыйында каралган.

Трамп бул кеңешменин кабарчылар үчүн ачык бөлүгүндө аскердик чара тууралуу эскертти:

Дональд Трамп
Дональд Трамп

-Биз бул жерге Сирияны талкуулаш үчүн чогулдук. Дамасктын жанындагы үрөй учурган чабуулга байланыштуу эмне кыла турганыбызды чечебиз. Ага жооп берилет, чечкиндүү жооп берилет. Бирок качан болоорун мен айтпайм. Биз баарыбыз күбө болгон мыкаачылыкка жол бере албайбыз, аны көрүүнүн өзү деле коркунучтуу. Биздин дүйнөдө мындай нерселер боло беришине жол бере албайбыз. Аны токтотууга АКШнын күчү жетет.

Президент Дональд Трамп мындан мурдараак Сириянын президенти Башар Асадды “айбан” деп атап, химиялык чабуул үчүн аны колдогон Иран менен Орусияны да күнөөлөгөн эле.

Сириялык оппозиция өкүлдөрүнүн, активисттердин, куткаруучулардын айтымында, 7-апрель күнү Чыгыш Гута аймагында козголоңчулардын колундагы Дума шаарчасында хлор газы колдонулган химиялык чабуулдан кеминде 40тай кишинин өмүрү кыйылган. Алардын арасында жаш балдар да болгон.

Бул окуя БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында да талкууланды. Анын жүрүшүндө АКШнын элчиси Никки Хейли Сирияга каршы чогуу чара көрүүгө чакырып, эгер Улуттар Уюму ага барбаса, АКШ өз алдынча аракет кыларын жашырган жок.

Ал эми Сирия өкмөтү "эч кандай химиялык чабуул болгон жок" деп билдирүүдө.

- Сирия Араб Республикасы дагы бир жолу баса белгилейт: анда химиялык куралдын эч бир түрү, анын ичинде хлор да жок. Биз химиялык куралдын качан, кайсыл жерде, кандай шартта болбосун колдонулушун айыптайбыз, - деди Сириянын БУУдагы элчиси Башар ал-Жафари.

Сириянын элчиси "химиялык чабуул болду" деген жерден орусиялык аскердик эскперттер менен дарыгерлер “анын эч бир белгилерин таппаганын” айтты.

Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя да ушундай эле маалымат берип, Коопсуздук кеңешинин отурумунда буларга токтолду:

Василий Небензя.
Василий Небензя.

- Тиешелүү каналдар аркылуу биз америкалык тарапка мыйзамдуу өкмөттүн өтүнүчүнө ылайык, орусиялык аскерлер жайгашкан Сирияга каршы жалган жүйө менен күч колдонуу өтө оор кесепеттерге алып барышы мүмкүн экенин эскерттик. Батыш саясатчыларын өз риторикасын басаңдатып, болжолдуу кесепеттерди олуттуу ойлонуп, глобалдык коопсуздукка чакырык таштаган акылсыз кадамдардан баш тартууга үндөйбүз.

Орусиянын БУУдагы башкы дипломаты Москва жана Дамаск Химиялык куралга каршы эл аралык уюмду өз иликтөөсүн тезинен жүргүзүүгө чакырып жатканын да кошумчалады.

Сирияда химиялык чабуулдар болгон-болбогонун иликтеш үчүн Улуттар Уюмунун өз алдынча механизмин түзүүгө АКШ баштаган Батыш мамлекеттери тарабынан буга чейин далай жолу аракет кылышкан. Бирок Орусия андай резолюция долбоорлорунун бир тобуна вето койгон болчу. Бул багытта АКШ сунуш кылып жаткан жаңы резолюция Коопсуздук кеңешинде бүгүн добушка коюлушу мүмкүн.

Мындан бир жыл мурун Хан Шейхун деген шаарчада зарин газы колдонулуп, сексендей кишинин өмүрү кыйылган соң АКШ былтыр 7-апрелде Сирия өкмөтүнүн "Шейрат" аба базасына канаттуу ракеталар менен сокку урган болчу. Сирия өкмөтү ал чабуулга да тиешеси жоктугун билдирген.

Дума шаарчасындагы химиялык чабуул катары сөз болгон окуя боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө Түркия да чакырды. Түркиянын вице-премьер министри Бекир Боздагдын айтымында, ал жерден тартылган сүрөттөр менен видео тасмалар "химиялык курал колдонулганын ачык эле көргөзүп турат".

Сирияда химиялык чабуул жасалдыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG