Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Трамп Сириядагы кырдаалдан улам Латын Америкасына сапарын токтотту


Президент Дональд Трамп аскердик жетекчилик менен жолугушууда. 9-апрель, 2018-жыл.
Президент Дональд Трамп аскердик жетекчилик менен жолугушууда. 9-апрель, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Перуда өтө турган Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн саммитине катышуудан жана Колумбиядагы сапарынан баш тартты. Буга Сириянын Дума шаарындагы болжолдуу химиялык чабуулдан кийин кырдаалдын курчуп кеткени себеп болгон.

АКШ лидеринин сапары ушул аптанын этегине пландалган эле. Анын ордуна саммитке вице-президент Майк Пенс катышат. Ак үй тараткан билдирүүдө Трамп “Сириядагы окуяларга америкалыктардын жообун координациялоо жана эл аралык кырдаалга көз салуу үчүн” мекенинде болору айтылат.

АКШ президент буга чейин Дума шаарындагы химиялык чабуулду айыптап, ал үчүн Сириянын президенти Башар Асад жана Иран менен Орусия жооптуу экенин белгилеген.

Сириянын Дума шаарындагы химиялык деп болжолдонгон чабуулга жооп бериш үчүн Кошмо Штаттардын “бир топ аскердик варианттары” бар экенин президент Трамп дүйшөмбүнүн кечинде билдирди.

Трамп армиянын жогорку жетекчилиги менен жыйын өткөргөн соң Сириядагы кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чечимдер жөнүндө айтып, алардын жыйынтыгы “жакында” билинээрин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG