Кыргызстанда Башкы прокуратуранын демилгеси менен абакка кесилген, миллиондогон сумма айыппулга жыгылган журналист жана активисттердин маселесин талдаган депутаттык комиссия түзүү сунушталды.
Бул тууралуу 11-апрелде парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Каныбек Иманалиев жана Наталья Никитенко көтөрдү. Спикер Дастанбек Жумабеков бул маселе фракциянын чечими келгенде караларын айтты.
Жогорку Кеңештин депутаттары баш прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун бүгүн колдоду. Жолдубаева өзү жыйынга катышкан жок. Ал Жогорку Кеңешке кат жолдоп, маселени өзү жок эле карай берүүнү сураганын спикер Дастанбек Жумабеков билдирди.
Эл өкүлдөрүнө Президенттик аппараттын башчысы Мухамедкалый Абылгазиев мамлекет жетекчисинин сунушу боюнча баяндама жасады. Анда прокуратура өз милдетин так аткарбай калганы, адам укуктарын одоно бузганы белгиленди.
Талкуу учурунда айрым депутаттар Башкы прокуратура саясий репрессияга жол бергенин, кийинки баш прокурор бул катаны кайталабашы керектигин белгилешти. (SE)