Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:37

“Бир ишкер – бир көчөт” жашылдандыруу акциясы Таласта өттү


Акция учуру. 11-апрель, 2018-жыл.
Акция учуру. 11-апрель, 2018-жыл.

Таласта 11-апрелде ЖИА ишкерлер бирикмеси, “Элим, барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду жана “АЗРА жемиштери” компаниясы баштаган “Бир ишкер – бир көчөт” аттуу республикалык жашылдандыруу акциясы уюштурулду.

Өнөктүктүн алкагында шаардагы беш мектептин, алты бала бакчанын, облустук оорукананын, Талас мамлекеттик университетинин короосуна мөмөлүү жана көргөзмөлүү дарактардын көчөттөрү эгилди. Андан тышкары, колу жука он үй-бүлөгө да көчөттөр берилди. Тигилген көчөттөрдүн саны 270ти түзүп, ага 40 миң сом сарпталды.

Ушундай эле акция 8-апрелде Бишкекте өтүп, андан ары өлкө аймагында уюштурулаары маалымдалган. (AlS)

XS
SM
MD
LG