Мьянмада жети аскер өткөн жылы рохинжа мусулмандарын аёосуз өлтүргөнү үчүн 10 жылга эркинен ажыратылды. Ракхайн аймагынын 10 тургуну атып өлтүрүлүп, чогуу көмүлгөн. Бул окуя "Рейтерстин" журналисттеринин иликтөөсүнөн кийин ачыка чыккан. Бирок ал эки журналист өткөн жылдын соңунда камалып, ушул күнгө чейин темир тор артында. Аларга "жашыруун өкмөттүк документтерди мыйзамсыз алышкан" деген кине тагылууда. Журналисттердин камалышы эл аралык коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, аларды адам укуктары боюнча адвокат Амал Клуни өз көзөмөлүнө алган. Айрым байкоочулардын маалыматына ылайык, журналисттер 14 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Өткөн жылдын августунда башталган куралдуу жаңжалдан кийин Мьянмадан 650 миңден ашуун рохинжа мусулмандары коңшу Бангладешке өтө качкан. Ал кандуу окуяны Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү "этностук тазалоо" деп баалап, жергиликтүү бийликти сынга алган. Мьянманын бийлиги бул боюнча дооматтарды четке кагып келатат. Ал качкындарды кайра көчүрүп келиш үчүн атайын лагерлерди куруп жатканын билдирүүдө.