Таласта төө буурчактын баасы эки күндө 10 сомго арзандап, 40 сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысына жергиликтүү соодагерлер билдиришти. Маалыматка ылайык, анын 11-апрелдеги наркы 50 сом болчу.
Азырынча арзандоонун чоо-жайын тиешелүү кызматтардан билгенге мүмкүнчүлүк болгон жок.
Төө буурчак - Талас облусунда дыйкандардын негизги кирешеси катары көп эгилген өсүмдүк. Кыргызстандан экспортко чыккан товарлардын катарында, башкы импортер өлкө - Түркия. 2014-2015-жылдары бир килограммы 100 сомго чейин сатылган. (AlS)