Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:01

"Берекет" базарында товары күйгөндөр митингге чыкты


Өрт чыккан базар.

Бишкектин "Берекет" базарындагы өрттө товары күйгөн жүздөй соодагер Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгып, өкмөттөн компенсация талап кылды.

Андан ары алар Бишкектин Ленин райондук акимчилигине барып, зыянга туш болгондордун, күйүп кеткен товарлардын тизмесин тапшырмай болушту. Райондук администрация жетекчилиги өкмөт башчы тийиштүү тапшырма бергенин, соодагерлердин талабы боюнча жакын арада бир чечим кабыл алынарын билдирди.

Ош базары тараптагы "Берекет" базарында 13-апрелде таңга жуук чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр соода аянты күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 14 техника тартылып, ал 7:40та өчкөн. Өрттүн себеби тактала элек. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары журналисттерге "базар өрттөлгөн болушу мүмкүн" деген божомолду айтты. Кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды. (SE\KR)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG