АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун (ФИБ; орусча ФБР) мурдагы жетекчиси Жеймс Коми жаңы китебинде АКШнын президенти Дональд Трампты "чынчыл эмес" деп мүнөздөп, аны өз айланасындагы адамдардан кыйбастыкты талап кылган мафия төбөлдөрүнө салыштырды.
"Ал чындыкка же институционалдык баалуулуктарга байланган эмес" деп жазат Коми өз китебинде.
"Кыйбастыктын жогорку даражасы: чындык, калп жана лидерлик" деп аталган китеп 17-апрелде расмий жарыяланганы турат. Китептин үзүндүлөрүн "Нью-Йорк Таймс" гезити басып чыкты.
Трамп болсо ФИБдин мурдагы башчысын элдин көңүлүн бургусу келген "жалганчы" деп атаган. Жеймс Коми 2017-жылдын май айында күтүүсүз кызматтан алынган. Президент Трамп Комини Кошмо Штаттардын башкы прокурору менен анын орун басарынын сунушунан кийин кызматтан кетиргенин Ак үй билдирген.