Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 02:21

Ош базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлердин тизмеси түзүлөт


Ош базарындагы өрт. 13-апрель, 2018-жыл.

Ош базарынын "Берекет" соода-комплексиндеги өрттөн жабыркагандардын тизмесин түзүү боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 14-апрелде Ленин районунун акими Нурдин Тынаев жабыркаган соодагерлер менен жолугушту. Ага райондук милиция, ӨКМ, Салык кызматы, Социалдык фонддун өкүлдөрү жана "Берекет" комплексинин жетекчилиги катышты.

Аким Нурдин Тынаевдин айтымында, өрткө байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө-иликтөө иштери уланууда. Азыр тилсиз жоонун себеби аныкталып жатат.

Жолугушууда канча соодагер жапа чеккенин аныктоо, келтирилген материалдык чыгымдарды кайтаруу маселеси да талкууланды. Тынаевдин буйругу менен мекеме аралык комиссия түзүлүп, ал өрттөн жабыркагандардын тизмесин түзүү, тиешелүү документтерди топтоо менен алектенмей болду.

13-апрелге караган түнү Бишкектеги "Берекет" базарында өрт чыгып, 2000 чарчы метр аянт товарлары менен кошо күйүп кетти. Ушул эле күнү Жалал-Абаддагы борбордук базар да өрттөнүп, 1300 чарчы метрден ашуун соода аймагына жайылган. (NT)

Соодагерлер митингге чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG