Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

Түптө жол кырсыгына кабылгандардын биринин абалы оор


Бишкек-Торугарт жолу.
Бишкек-Торугарт жолу.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыкка кабылгандардын жакындары жол инспекторлорун сабады деген окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Түп райондук жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Жумабаев билдирип, 14-апрелде Балбай айылында катталган автокырсык боюнча маалымат берди. Анын айтымында, Түп райондук жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер токтобой койгон автоунааны кууп баратканда, ал Балбай айылында оодарылып кеткен. Ошол жерде жабыркаган балдардын жакындары келип, эки инспекторго кол көтөрүшкөн:

- Сабагандар толтура. 20-30дай киши келип, сабаган.

Мурат Жумабаев эки инспектор ооруканага кайрылганын кошумчалады. Каракол шаарында жайгашкан Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын башкы дарыгери Токтобай Маанаев эки инспектор кайрылганын, бирок бейтапканага жаткырылбаганын айтты.

Кырсыкка кабылган автоунаанын ичинде төрт киши - Күрмөнтү айылынын тургундары болгон. Кырсыкта бирөө каза таап, үчөө Түп райондук ооруканасында жатат. Алардын биринин абалы оор болгондуктан Күрмөнтүдөн Каракол шаарындагы облустук ооруканага которулган. Алардын жакындары жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерин сабады деген маалыматты четке кагышууда. Алар ал жерде чогулган айыл эли, окуяга күбө болгондор менен түшүнбөстүктөр болгонун айтып жатышат. Окуя боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды. (AsM)

XS
SM
MD
LG