Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Монтенегро: Мило Жуканович жеңишин жарыялады


Монтенегродо алты жолу премьер-министри, бир жолу президент болгон Мило Жуканович. Монтенегро, 15-апрель, 2018-жыл.
Монтенегродо алты жолу премьер-министри, бир жолу президент болгон Мило Жуканович. Монтенегро, 15-апрель, 2018-жыл.

Монтенегродо алты жолу премьер-министр, бир жолу президент болгон Мило Жуканович жекшембидеги президенттик шайлоодо жеңгенин жарыялады. Ал шайлоонун жыйынтыгын "Европадагы келечек үчүн дагы бир маанилүү жеңиш" катары мүнөздөдү.

"Мониторинг жана изилдөө борбору" жүргүзгөн экзит-полдун жыйынтыгына ылайык, 56 жаштагы Жуканович жалпы добуштардын 54 пайызына ээ болду. Анын негизги атаандашы Младен Боянич 33 пайыздай добуш топтоду. Бул шайлоодон кийин "Монтенегро европачыл багытын улантабы же Орусия тарапка оойбу?" деген суроолор берилип жаткан.

Себеби Бояничти Монтенегронун оппозициялык партиялары, анын ичинде орусиячыл топтор да колдоп келген. Ал президент болсо Монтенегронун НАТОдогу мүчөлүгүн убактылуу токтотуп, бул маселе боюнча референдум өткөрөөрүн айткан. Боянич шайлоодо утулганын мойнуна алып, бирок "Жукановичтин диктатурасына" каршы күрөштү уланта берээрин билдирди. 640 миңдей калкы бар Монтенегро Мило Жуканович премьер-министр болуп турганда НАТО уюмуна кошулган.

XS
SM
MD
LG