Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Вашингтон: Трамп Сириядан аскерлерди чыгарып кетүүнү каалайт


АКШнын президенти Дональд Трамп. Вашингтон. 5-апрель, 2018-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп. Вашингтон. 5-апрель, 2018-жыл.

Ак үй билдиргендей, президент Трамптын Сириядагы Американын миссиясы боюнча көз карашы өзгөргөн жок жана ал аскерлерди тезирээк чыгарып кетүүнү каалайт.

14-апрелде АКШ өнөктөштөрү Франция жана Британия менен бирге ондогон кишинин өмүрүн алган, химиялык чабуул катары мүнөздөлгөн кол салууга жооп ирээтинде Сирияга абадан сокку урушкан.

Анткен менен бул соккулар Трамптын позициясын өзгөртпөсүн Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс билдирди. Анын айтымында, президент "АКШнын күчтөрү үйлөрүнө тезирээк кайтышы керек" деген оюн айдан ачык билдирген.

Буга чейин АКШнын Улуттар Уюмундагы туруктуу элчиси Никки Хейли Вашингтон өз аскерлерин дароо чыгарып кетпей тургандыгын айткан. Ал эми Франциянын президенти Эммануэл Макрон Трампты аскерлерин Сирияда узак убакытка калтырууга ынандырганын айткан эле.

Сириядагы сегиз жылга аяк баскан жарандык согушта 350 миңден ашык адам кырылды. Алардын үчтөн бир бөлүгү карапайым адамдар. Бир миллиондон ашуун киши жарадар болду, дагы 12 миллиондой адам качкынга айланды.

XS
SM
MD
LG