Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Надежда Савченко кайра ачкачылык кармай баштады


Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Надежда Савченко сотто. Киев. 29-март, 2018-жыл.
Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Надежда Савченко сотто. Киев. 29-март, 2018-жыл.

Теракт уюштурууну көздөгөн деген шек менен камакка алынган Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Надежда Савченко кайрадан ачкачылык кармоого киришти. Бул тууралуу "Украинская правда" агенттиги жазды. Савченко кармалгандын эртеси эле, 23-мартта ачкачылык кармап баштаган. 13-апрелде сурак берип жатканда ал эсин жоготконуна байланыштуу үч күн токтото турууга макул болгон.

Март айында Киев соту аны 20-майга чейин камакта кармоо чечимин чыгарып, күрөө менен үй камагына чыгуусуна бөгөт койгон.

Эгер 37 жаштагы Савченконун "мамлекеттик төңкөрүш жана терроризм" деген оор беренелер боюнча күнөөсү далилденсе, 15 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG