Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:08

Армения: депутаттар экс-президентти өкмөт башчылыкка көрсөттү


Еревандагы демонстранттар менен полиция кагылышты. 16-апрель, 2018-жыл.

Еревандагы толкундоолорго карабай бүгүн Армения парламентинин эки фракциясы - Республикалык фракция жана Армян революциясынын федерациясы (Дашнакцутюн) бир добуштан мурдагы президент Серж Саргсяндын талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттү. Парламентте добуш берүү 17-апрелде болору күтүлүүдө.

Экс-президенттин бийликке кайра келишине каршы чыккан миңдеген армяндар төрт күндөн бери баш калаада нааразылык акциясын улантышууда. Дүйшөмбүдө алар жолдорду, метролордун кире беришин жана айрым көпүрөлөрдү торошту. Ал эми айрымдары парламент имаратын курчаган тикенек торду жырып өтүп, кирүүгө аракет кылышканда полиция менен кагылышып, жаракат алышты. Алардын арасында демонстрациянын уюштуруучусу, оппозициячыл депутат Никола Пашинян да бар. Ал колун оорутуп алганына карабастан күрөштү токтотпостугун билдирди.

- Арменияда буга чейин болуп көрбөгөндөй окуя болуп жатат. Бир эле адам үчүнчү жолу өлкө башына келүүнү каалап жатат. Биз буга жол бербешибиз керек, - деди Пашинян.

Армения: экс-президентке каршы нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00

2015-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, өлкө парламенттик башкарууга өтүп, премьер-министрдин бийлиги күчөтүлүп, өлкөдөгү биринчи кишиге айланган.

Арменияны он жыл башкарган Серж Саргсян мөөнөтү бүткөндө президент да, премьер да болбойм деген. Бирок убадасынан тайып, орусиялык "Известия" басылмасына берген акыркы маегинде премьерликти көздөп турганын бышыктады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG