Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчетун угуу учурунда депутат Руслан Казакбаев Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматовго кайрылып, бажыдагы киреше дагы көбөйөр-көбөйбөсүн сурады.
Кулматов ага жооп берип, январь-февраль айларында киреше көбөйгөнүн, бирок март айында кайра азайганын билдирди. Ал муну Кыргызстандын түштүк аймагы аркылуу өлкөгө импорт товарлар, машинелер кирбей жатканын, алар жалаң транзит менен гана өтүп жатканын билдирди.
- Бул саботаж. Бул жүктөрдү атайылап башка жакка жылдырып кеткендей болуп жатат, - деди ал.
Казакбаевдин “Саботаж ким тарабынан уюштурулуп жатат?” деген суроосуна Кулматов “Коммерсанттар тарабынан” деп жооп берди.
Кепке кошулган премьер-министр Сапар Исаков бажы боюнча “учуру келгенде сандар жана адамдардын баарынын аты ачык айтылат” деп кошумчалады.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов 5-февралда премьер-министр Сапар Исаков менен жолугуп, январда 2,8 миллиард сомдон ашык акча чогулганын айткан. Бул пландалгандан 908 миллион сомго көп.
Расмий кабарга ылайык, Борбордук бажынын күн сайын топтогон каражаты 30 миллион сомду түзсө, бул көрсөткүч январда 60 миллион сом болгон. Ал эми Ош бажысындагы төлөмдөр он эсе көбөйгөн. Мурда алар күнүнө 1,5-2 миллион сом болсо, учурда 15 миллион сомго жеткен.
Буга чейин өкмөт башчы бажыдагы коррупцияны жоюуга аракет кыларын билдирген. Ошондон кийин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Райымбек Матраимов кызматтан алынган.
Бүгүн эрте мененден бери Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары өкмөттүн бир жылдык иши үчүн отчетун угуп, суроолорду берип жатышат. (ErN)