Шейшемби күнү АКШнын мурдагы биринчи айымы Барбара Буш 92 жашында көз жумду.
Барбара Буш - 1989-1993-жылдары өлкө башында турган Американын 41-президенти Жорж Буштун зайыбы жана Кошмо Штаттардын 43-президенти болгон кенже Жорж Буштун энеси эле.
Барбара Буш коомчулуктун эсинде жолдошунун ишенимдүү жубайы, чоң үй-бүлөдөгү мээримдүү эне, бир баласы президент, экинчи уулу губернатор болгон аял катары калды.
Жолдошу президент кезинде ал Америкада абдан танымал жана кадыр-барктуу адамга айланган.
АКШнын маалымат каражаттары жазгандай, Барбара Буш жүрөк жана өпкө оорууларынан жабыркап келген.
Барбара менен Жорж Буш 1945-жылы баш кошкон. Алар алты балалуу болуп, бир кызы наристе кезинде чарчап калган. Жубайлар 72 жыл чогуу түтүн булатты.