Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

AI казак бийлигин кош бойлуу келинге куугунтукту токтотууга чакырды


Акмарал Тобылова
Акмарал Тобылова

"Эл аралык мунапыс" (Amnesty International) укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин кошкабкат келинге куугунтукту токтотууга чакырды.

18-апрелдеги билдирүүдө алматылык Акмарал Тобылова "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын Интернеттеги баракчасына кирип койгону үчүн гана айыпталып жатканы айтылат.

28 жаштагы Акмарал Тобылова кесиби боюнча дизайнер. 13-мартта, Астана соту "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын экстремисттик деп тааныган күнү кармалып, үй камагына алынган.

13-апрелде сот Тобылованы үй камагынан күрөө акчага бошоткон. Бирок ага алигиче "экстремисттик уюмду каржылоо" боюнча тагылган айып алынбай жатканына укук коргоочулар тынчсызданууда.

"Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын бозгундагы казак оппозиционери Мухтар Аблязов түзгөн.

"Блогерлер, активисттер жана башка эле карапайым адамдар аталган кыймылды колдогон ой-пикирлери үчүн алигүнчө суракка алынып, кармалууда" деп жазылат Эл аралык мунапыс уюмунун билдирүүсүндө. Өткөн айда уюм Акмарал Тобылованы абийир туткуну деп тааныган.

XS
SM
MD
LG