Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Исаков кызматтан кетирилишин Сүйүмбаевди дайындаганына байланыштырбайт


Болот Сүйүмбаев
Болот Сүйүмбаев

19-апрелде Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин чечимине ылайык кызматтан кетирилген өкмөт башчысы Сапар Исаков “Апрель” телеканалына берген маегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин орун басарлыгынан бошогон Болот Сүйүмбаевди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жетекчи кылып дайындаганы боюнча да пикирин билдирди. Ал Сүйүмбаев УКМК төрага орун басарлыгынан өз арызы менен кеткенин белгиледи.

- Менин билишимче, Сооронбай Шариповичтин Болот Турарович менен мамилеси жакшы. Ага агрессиясы деле жок. Көп жылдан бери партиялаш болуп жүрүшкөн, - деди Сапар Исаков.

Ал Сүйүмбаевди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тажрыйбасына ишенип дайындаганын айтты. Исаков өзүнүн кызматтан кетирилишинин тездешинин себебин бул кадрдык жүрүшкө байланыштырган жок.

19-апрелде КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов премьер-министр президент менен тирешип калганын белгилеген.

- Бири кызматтан бошотсо, экинчиси өчөшкөнсүп кызматка коюп турса - бул, ачык айтканда, чакырык. Анда эртең эмне болот? Мен тирешүү саясатына каршымын, - деген эле Өмүркулов.

Бүгүн парламент көпчүлүк добуш менен Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишенбестик көрсөтүп, андан соң президент Сооронбай Жээнбеков аларды кызматтан кетирүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

Ишенбестик көрсөтүүнү парламенттеги оппозициялык азчылык – “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика Ата-Журт” фракциялары сунуштаган болчу.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке учурда президенттик аппаратты жетектеп турган Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин колдоду. Аны КСДП фракциясы көрсөттү.

XS
SM
MD
LG