Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз жыйынга чогулат. Күн тартибиндеги негизги маселе – жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитүү.
Кечээ парламент көпчүлүк добуш менен Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишенбестик көрсөтүп, президент Сооронбай Жээнбеков аларды кызматтан кетирүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Ишенбестик көрсөтүүнү бир күн мурда “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика - Ата Журт” фракциялары сунуш кылган.
Премьер-министрликке КСДП фракциясы азыр президенттик аппаратты жетектеп турган Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин көрсөтүп, аны парламенттеги көпчүлүк коалиция кечээ кечинде колдоп берди. (RK)