Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Спикер: Сапар Исаковдун сөзү мыйзам чегинде териштирилет


Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев спикер Дастанбек Жумабековду парламенттин беделин коргоого чакырды.

Иманалиев 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрликтен кеткен Сапар Исаковдун "парламент саясий өлүккө айланды" деген сөзүн мисал келтирип, ага жооп иретинде төрага саясий позициясын билдирүүгө милдеттүү экенин айтты:

- Регламентке ылайык, парламенттин беделин коргоого төрага милдеттүү. Сиздин оюңузча, Жогорку Кеңеште чын эле 120 өлүк отурабы? Парламенттин намысын кантип коргойсуз? Сотко бересизби, саясий эркиңиз жетип, кечирим суратасызбы же билдирүү жасайсызбы? Саясий позицияңызды аныктап коюңуз. Бул биз үчүн өтө маанилүү.

Спикер Дастанбек Жумабеков Сапар Исаковдун айтканы боюнча мыйзам чегинде териштирүү жүргүзүлөрүн билдирди.

19-апрелде кызматтан кетирилген мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков "Апрель" телеканалына интервью берип жатып, "Жогорку Кеңеш саясий өлүккө айланып баратат" деген пикирин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG