Дүйнөдөгү эң кары киши деп эсептелген жапониялык Наби Тажима аттуу аял ооруканада көз жумду. Маркум 1900-жылы 4-августта туулган. Анын 160тай урпагы бар. Эми АКШда жайгашкан Геронтология изилдөө тобунун маалыматы боюнча, "дүйнөдөгү эң улгайган адам" деген наам дагы бир жапониялык аял – Чио Йошидага өттү. Ал азыр 116 жашта.
18-апрелде дүйнөдөгү эң улгайган киши деп саналган 121 жаштагы Чилинин тургуну керебеттен кулап каза болгон.