Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Таласта 9-класстын окуучусу беш күндөн бери дайынсыз


Манас районундагы Маткерим Рахманбердиев атындагы мектеп.
Манас районундагы Маткерим Рахманбердиев атындагы мектеп.

Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы Маткерим Рахманбердиев атындагы мектептин 9-классынын окуучусу 18-апрелден бери дайынсыз. Бул тууралуу "Азаттыкка" жергиликтүү тургундар, мектептин окуучулары билдирди. Маалыматка ылайык, кыз мектепке акыркы жолу хижаб жамынып келген.

-17-апрелде бизде "Жаш таланттар" деген конкурс болгон. Ал жерден кадимкидей эле ырдап-бийлеп жүргөн. Анан эртеси эле жоолук оронуп келди. Мугалимдер бир сыйра таң калып, бирок анын чечимине эч нерсе дешкен жок. Ошондон кийин эле жок.

Окуучунун дайынсыз болуп жатканын мектеп директору Нургул Акимова да тастыктады:

- 19-апрелден тартып сабакка келбей калды. Анан биз эмнеге келбей атканын билели деп чалсак телефону өчүк болду. Апасы болсо Казакстанда иштейт. Ага чала алган жокпуз. 20-апрелде апасы милицияга арыз жазды. Өзү зээндүү кыз болчу. Акыркы жолу шарфты башына ороп алып жүргөнүн көрүп “эмне болду” десем "эже, намаз окуп атам" деген. Бирок хижабдай кылып оронгон эмес. Азыр баарыбыз издеп атабыз.

Облустук ички иштер башкармалыгы окуядан кабары жок экенин айтты, ал эми аймактык милиция кызды издеп жатканын билдирди.

Маалыматка караганда дайыны чыкпай жаткан кыз - үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусу. (AlS)

XS
SM
MD
LG