Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Арменияда Саргсянга каршы демонстрациялар уланууда


Еревандагы жүрүш, 23-апрель 2018-жыл.
Еревандагы жүрүш, 23-апрель 2018-жыл.

Арменияда экс-президент Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршылык билдирген демонстранттар дүйшөмбү күнү да көчөгө чыгышты. Жекшембиде он миңдеген адам митингдерди баштап жүргөн оппозициячыл депутат Никол Пашиняндын кармалышына каршылык иретинде баш калаа Еревандын Республика аянтына чогулушту.

Анда демонстранттар шаарда мурдагыдай бир жерге эле топтолбостон ар кыл райондордо жүрүштөрдү баштоону макулдашты. Ага ылайык, чакан топтор жер-жерлерде жолду тосуу сыяктуу жарандык баш ийбөөчүлүк акцияларын өткөрмөй болушкан. Алар мындай жүрүштөрдү премьер-министр Серж Саргсян кызматтан кетмейинче уланта берерин айтышкан.

Митингдердин онунчу күнүндө 230дан ашык демонстрант менен бирге дагы эки депутат кармалганы кабарланды.

Оппозициячыл депутат Пашинян жекшембиде өкмөт башчы Серж Саргсян сүйлөшүү өткөргөндөн көп өтпөй кармалган. Премьер-министр оппозиция аны “шантаж кылып жатат” деп сүйлөшүүдөн чыгып кеткен. Үч мүнөткө жетпеген жолугушуунун башында эле депутат премьердин отставкасын талап кылууга келгенин айткан.

Серж Саргсян 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде премьер-министрликке шайланган.

XS
SM
MD
LG