Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

"Иска Стройдун" үлүш ээлери нааразылык акциясына чыгышты


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

"Иска Строй" курулуш компаниясы куруп жаткан үйдүн бүтүшүн 600дөй адам күтүп жатат. Алардын ар бири батир алууга 20 миңден 50 миң АКШ долларына чейин акча төлөгөн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин алдына митингге чыккандар "Азаттыкка" кабарлады.

2017-жылдын 3-октябрында Ленин райондук соту бул компаниянын ээси Нарынбек Сариевди эки айга камакка алууга өкүм чыгарган. Бишкек шаардык соту ошол эле жылдын 18-октябрында райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Жакында эле Жогорку сот төмөнкү инстанциялардын бөгөт чарасын өзгөртүп, Нарынбек Сариевди убактылуу тергөө абагынан чыгарып, аны үй камагына алууну чечкен.

Былтыр 4-майда Нарынбек Сариевге таандык "Иска Строй" компаниясынын үлүш ээси нааразылыгын билдирип, көп кабаттуу үйлөрдүн биринен боюн таштоого аракет кылган. Анда ал кызды башка үлүш ээлери сактап калган. (JsO)

XS
SM
MD
LG