Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:04

Волейбол: Азия чемпионатында Кыргызстан жарым финалга чыкты


Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары. 24-апрель, 2018-ж. Дакка, Бангладеш.

Ушул күндөрү Бангладештин Дакка шаарында өтүп жаткан волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпионатында (борбордук зона) Кыргызстандын улуттук курама командасы Өзбекстандын командасын жеңип, жарым финалдык таймашка чыкты. Тайпалык мелдештердин акыркы оюну бүгүн, 24-апрелде өттү. Беттештин жүрүшүн Бангладештин волейбол федерациясы Фейсбуктагы баракчасынан түз эфирде көрсөттү. Оюн жыйынтыгында кыргыз волейболчулары 3:2 эсебинде (25-18; 24-26; 19-25; 25-18; 15-13) жеңишке жетти. Бул оюнда мыкты оюнчу наамын кыргызстандык Жамал Мусаев алды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын волейбол боюнча улуттук курама командаларынын борбордук зонадагы Азия чемпионатындагы беттеши. 24-апрель, 2018-ж.

21-апрелде башталган волейбол боюнча борбордук зонадагы Азия чемпионаты 27-апрелге чейин уланат. Тайпалык оюндарда Кыргызстан В тобунда Түркмөнстан жана Өзбекстан командалары менен ойноду. Алгачкы беттешинде кыргыз волейболчулары Түркмөнстандын курама жааты менен ойноп, 0:3 эсебинде жеңилген. Түркмөнстандык волейболчулар 2-турда Өзбекстандын оюнчуларын 3:1 эсебинде утуп, 1-орун менен тайпадан чыккан. А тобуна Бангладеш, Мальдив жана Непал командалары бөлүнгөн. Бул топтон жарым финалга Бангладеш жана Непал командалары чыкты.

Алдыда 25-апрелде жарым финалда Бангладеш менен Кыргызстандын командалары беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат. Түркмөнстан менен Непал командаларынын жарым финалдагы беттеши саат 15:00до башталат.

Волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпионаты (борбордук зона) быйыл 4-жолу өткөрүлүп жатат. Алгачкы мелдеште Кыргызстандын командасы тайпалык мелдештерден чыкпай калган. 2016-жылы күмүш медал тагынып, 2017-жылы чемпион болгон. (ECh)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG