Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 08:41

Торонтодогу автоунаа менен кол салуу боюнча соттук кароо башталды


Торонтодогу окуя болгон жер.

Канаданын Торонто шаарында автоунаа менен тебелеп, он адамды өлтүрдү деп шек саналган кичиавтобустун айдоочусунун соту башталды. Канаданын полициясы анын бул кол салууга барган себебин аныктоого аракет кылууда.

Канада полициясынын башчысы Марк Соундерс адамдарды сүзүп кеткен киши 25 жаштагы Торонтонун четинде жашаган Алек Минасян экенин жарыялады. Соундерстин айтымында, шектүү бул ишке атайылап барган. Ал окуя болгон жерде кармалган.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо соңку кол салуу терроризм болгону тууралуу версияны четке какты.

23-апрелде белгисиз киши автоунаасын тротуарга айдап, адамдарды тебелетип кеткен. Кырсыкта каза болгондордон сырткары дагы 15 адам жабыркаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG