Линктер

жекшемби, 27-май, 2018 Бишкек убактысы 09:38

Чеченстанда сот укук коргоочунун абак мөөнөтүн узартты


Оюб Титиев Грозный шаарындагы сот залында, 3-март, 2018-жыл.

Чеченстандын соту "Мемориал” укук коргоо борборунун жергиликтүү кеңсесинин башчысы Оюб Титиевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн 9-июнга чейин узартты. Укук коргоочу январь айында "мыйзамсыз маңзат сактаган" деп айыпталып, кармалган.

Титиевдин адвокаттары тергөөчүлөр аларды иштен ар кандай жолдор менен оолактатып, айыпталуучуну атайын дайындалган адвокаттардын коргошун көздөп жатканын 25-апрелде билдиришти.

Шаршембиде болгон сот процессине катышкан адвокат Марина Дубровина «жагдайдын өзгөрүп кетишине» даяр туруу үчүн Грозныйда калганын билдирди. Бул тууралуу маалымат укук коргоо борборунун Telegram-каналына чыкты.

“Мемориал” уюмунун жетекчиси Александр Черкасовдун айтымында, Титиев ага тагылган “чоң көлөмдөгү маңзат сактаган" деген кине боюнча 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Европа Биримдигинин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Федерика Могерини укук коргоочу камалгандан кийин билдирүү таратып, “Орусия Федерациясында эмгектенген эркин журналисттерди жана укук коргоочуларды камакка алып, аларга кол салуу, коркутуу уланып жатканына" тынчсызданган.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар Титиевдин камалышына байланыштуу тынчсыздануу билдирип, орус бийлигин аны тезинен бошотууга үндөшкөн.

XS
SM
MD
LG