Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Салайдин Авазов президентке кайрылды


Салайдин Авазов.
Салайдин Авазов.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазовдун кайрылуусу Интернетке жарыяланды. Анда ал өзүнө карата далили жок кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин айткан.

- ЖЭБдеги авариядан кийин модернизация боюнча маалымат каражаттарында бир жактуу, далилсиз кабарлар тарады. Энергетиктер үн катпай коюшту. Мунун натыйжасында элде жана коомчулукта ЖЭБди модернизациялоо жөнүндө туура эмес пикир калыптанды. Чындыгында, ЖЭБди модернизациялоонун аварияга эч кандай тиешеси жок, - деп жазылган кайрылууда.

Салайдин Авазов жана анын "Электр станциялары" ачык акционердик коомунда орун басар болуп иштеген Жолдошбек Назаровду Улуттук коопсуздук комитети 17-апрелде кармаган.

Авазов "Электр станциялары" ишканасын 2012-2014-жылдарда жетектеген. Учурда Жалал-Абад шаарынын мэри кызматында.

Быйыл январда Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, шаар бир нече күн бою жылуулуксуз калган. Ишкананы модернизациялоо 2014-жылы башталып, 2017-жылдын апрелинде аяктаган. Ага Кытай берген 386 миллион доллар насыя жумшалган.

Авариядан кийин бул акчанын максаттуу сарпталганы суроо жараткан жана бир катар тиешелүү жетекчилер шектүү катары камалган. (NT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG