Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Болот Сүйүмбаев кызматтан бошотулду


Болот Сүйүмбаев.
Болот Сүйүмбаев.

Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчылыгынан бошотулду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 26-апрелде ушундай буйрук чыгарганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөттүн маалыматында Сүйүмбаев кандай негизде иштен кеткени такталган эмес.

Дагы бир буйрук менен аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Исабек Султаналиев да жумуштан кетти.

Сүйүмбаев бул мекеменин жетекчиси болуп быйыл 16-апрелде мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен дайындалган.

Ага чейин ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеп, 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык кызматтан алынган.

Сүйүмбаев 2000-жылдардын башынан тартып экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон. Атамбаев ага президенттиктен кетээр алдында генерал-майор наамын тапшырган.

XS
SM
MD
LG