Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 02:17

Волейбол: Азия чемпионатында Кыргызстан коло медаль утту


Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары Азиянын аймактык чемпионатында (борбордук зона).

Бүгүн, 27-апрелде Бангладештин Дакка шаарында жыйынтыктала турган волейбол боюнча борбордук зонадагы Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасы коло медалдын ээси болду.

Өлкөнүн Волейбол федерациясынын басма сөз катчысы Бакыт Шүкүралиев "Азаттыкка" билдиргендей, 3-орун үчүн таймашта кыргыз волейболчулары Непалдын командасы менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңишти. Үч партиянын (сет) жыйынтыгы: 25-20; 25-22; 25-20.

Мелдеште Кыргызстандын оюнчусу Талгат Чалмашбеков "мыкты оюнчу" наамын алды.

Чемпионаттын буга чейинки оюндарын Бангладештин волейбол федерациясы "Фейсбуктагы" баракчасында түз эфирде көрсөтүп келген. Бүгүнкү оюндар техникалык себептерге байланыштуу түз көрсөтүлгөн жок.

Кыргызстан менен Өзбекстандын волейбол боюнча улуттук курама командаларынын борбордук зонадагы Азия чемпионатындагы беттеши. 24-апрель, 2018-ж.

21-апрелде башталган IV Азиянын аймактык чемпионатына (борбордук зона) алты өлкөнүн командасы катышты. Тайпалык тандоо оюндарында Кыргызстан В тобунда Түркмөнстан жана Өзбекстан менен ойноду. Алгачкы беттешинде Кыргызстандын командасы Түркмөнстандын курама жаатына 0:3 эсебинде жеңилип, 2-турда Өзсбекстанды 3:2 эсебинде утуп жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн беттеште Кыргызстандын волейболчулары талаа ээлери бангладештиктерге 2:3 эсебинде жеңилип калышкан эле.

27-апрелде саат 15:00дө Бангладеш менен Түркмөнстандын командалары алтын байге үчүн ойнойт.

Кыргызстандын волейбол боюнча курама жааты бул чемпионатка алгач уюшулгандан бери катышып жатат. Алгачкы мелдеште Кыргызстандын командасы тайпалык мелдештерден чыкпай калган. 2016-жылы күмүш медал тагынып, 2017-жылы чемпион болгон. (ECh).

XS
SM
MD
LG