Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

АКШ Арменияны диалогго чакырды 


Еревандагы нааразылык акциясы. 28-апрель, 2018-жыл.
Еревандагы нааразылык акциясы. 28-апрель, 2018-жыл.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Хизер Нойерттин билдирүүсүндө Вашингтон Армениянын азыркы бийлиги менен оппозициянын диалогун колдой турганы айтылган.

Нойерт тараптарды жаңы өкмөт түзүүнү сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды.

Армениянын Улуттук ассамблеясы премьер-министрди шайлай турган сессияга 1-майда чогулганы жатат. Ереванда жекшемби күнү да миңдеген киши премьер-министрликке Никол Пашинянды шайлап, бийликти ага өткөрүп беришин талап кылышты.

Мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсянды аптанын башында бийликтен кетүүгө мажбурлаган нааразылык кыймылынын жана "Елк" фракциясынын лидери Никол Пашинян 105 орундуу армян парламентинде премьерликке шайланыш үчүн кеминде 53 добуш алышы керек. Бул үчүн ал оппозициялык фракциялардын баарынын жана бийликтеги Республикалык партиянын кеминде алты добушуна муктаж.

Республикалык партия 58 мандаты менен парламентте көпчүлүктү түзөт. Пашинян өзү жактоочуларын «жарандык баш ийбестик» акциясын, Республикалык партиянын депутаттарына телефон чалууну, электрондук кат жөнөтүүнү токтотууга, бирок 30-апрелдин кечинде аянтка кайра чогулууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG