Москванын Сахаров проспектисинде өткөн Telegram каналын коргоо үчүн акцияга 10 миңден ашуун киши катышты. Бул тууралуу активисттер кабарлашты.
Митингде оппозициялык активист Алексей Навальный сөз сүйлөдү. Саясатчы орус бийлигин жана көзөмөлдөөчү органдардын ишин сындады. Ал 5-майдагы нааразылык "митингге элди чакырба" деген полициянын эскертүүсүн чогулгандарга жар салды.
Telegram каналын колдогон иш-чараны Орусияда каттоодон өтпөгөн Либертариандык партия уюштурган. Митингди популярдуу каналдын негиздөөчүсү Павел Дуров дагы колдоду.
Митингдин соңунда катышуучулар кагаздан жасалган жүздөгөн куш учурушту.