Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Өзбекстан - Түркия: 20дан ашуун документке кол коюлду


Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев макуладууга кол коюшкандан кийин. 30-апрель, 2018-жыл.
Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев макуладууга кол коюшкандан кийин. 30-апрель, 2018-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгаруу жөнүндө макулдашууга жетишти. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү экономика, соода-сатык, транспорт, байланыш, өндүрүш, энергетика, илим жана маданият, туризм тармактары боюнча кызматташуу тууралуу 24 документке кол коюшту.

Ошондой эле Ташкентте өтүп жаткан ишкердик форумда жалпы жонунан үч миллиард долларга чукул 50дан ашуун жаңы инновациялык долбоорлорго кол коюлганы жатканы айтылууда.

Эрдоган Ташкентке 29-апрелдин кечинде келип конгон. Сапарга аттанаарда ал Стамбулдагы "Ататүрк" аба майданында туруп, Түркия менен Өзбекстан“ колдон чыгарган мүмкүнчүлүктөрдү” кайра пайдаланууга үмүт артып турганын айтты.

Эрдоган өзбек парламентинде сөз сүйлөп, 1-майда байыркы Бухара шаарына барары белгилүү болду.

Түркия Борбор Азиядагы беш мамлекеттин эгемендигин тааныган биринчи өлкө болгон. Бирок Ташкент менен Анкаранын мамилеси кийинки жылдары солгундап кеткен.

XS
SM
MD
LG