Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Иран бийлиги Telegram каналын жапты


Telegram Иранда кеңири колдонулган байланыш түйүнү болуп саналат.
Telegram Иранда кеңири колдонулган байланыш түйүнү болуп саналат.

Тегеран Telegram каналын жапканын “Рейтер” агенттиги Ирандын маалымат каражаттарына таянып билдирди.

Тегерандын маданият жана медиа сотунун бөлүмү Ирандагы бардык Интернет байланышы менен камсыздаган компанияларга Telegram каналын жабууга буйрук бергенин Mizanonline агенттиги кабарлады.

Соттун буйругунда Telegram түйүнү “миңдеген ачык булактар” аркылуу “ар кандай кылмыш жасоодо платформа” болуп берип жаткандыгы белгиленет. Ошондой эле Telegram укук коргоо органдары менен кызматташуудан баш тартканы дагы көрсөтүлгөн.

Ирандын мамлекеттик телеканалы мындай чечим “улуттук коопсуздук кызыкчылыгынан” улам келип чыкканын маалымдады.

Апрель айынын башында иран бийлиги мамлекеттик мекемелерде иштеген аткаминерлерге чет өлкөлүк Интернет мессенжерлерди колдонууга тыюу салган. Ага карабастан көптөгөн кызматкерлер маалымат алмашуунун каналдарын колдонуп жатышат.

XS
SM
MD
LG