Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Түркия - Өзбекстан: үч млрд. долларлык келишимдерге кол коюлду


Бухара шаарынын аэропорту түрк президентин күтүп алууга даяр. 1-май, 2018-жыл.
Бухара шаарынын аэропорту түрк президентин күтүп алууга даяр. 1-май, 2018-жыл.

Түркия менен Өзбекстандын лидерлери эки өлкөнүн экономикалык жана маданий алакаларын күчөтүш үчүн жалпысынан үч миллиард доллардык келишимдерге кол коюшту.

Дүйшөмбүдө эки президенттин басма сөз жыйынында түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган Анкара менен Ташкенттин “жалпы баалуулуктары” бар экендигине токтолду. Ал эки мамлекеттик ортосундагы соода былтыр 30% өсүп, бир жарым миллиард долларга жеткенин белгиледи. Ал «түрк ишкерлерине Өзбекстанга инвестиция салууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын» да кошумчалады.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев белгилегендей, транспорт, энергетика жана туризм тармагында «үч миллиард долларлык 50 инвестициялык долбоорлорго» кол коюлду.

Бүгүн Эрдоган баштаган делегация байыркы Бухара шаарына барды. Ал Өзбекстанга сапарга аттанып жатып «Түркия Бухарада имам Ал-Бухари жана имам Матуриди атындагы илимий изилдөө институттарын ачууну пландап жатканын» айткан.

Өзбекстанды чейрек кылымдан ашуун башкарган маркум Ислам Каримовдун тушунда 1990-жылдардын орто ченинде эки өлкөнүн жарандары үчүн визасыз каттоо жоюлган. Анын алдында Түркия өзбек оппозициясынын лидерлери Мухаммад Салих менен Абдурахмон Полатты экстрадиция кылуудан баш тарткан.

Каримов Түркияга акыркы жолу 1999-жылы барган. Мирзиёев болсо былтыр октябрда расмий сапары менен Түркияда болгон.

XS
SM
MD
LG