Алтын кенине байланыштуу нааразылык акциялары өткөн Тогуз-Торо районунда Ички иштер министрлиги спорттук мелдештерди уюштурду. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
“Ынтымак жана достук” ураанынын астында өткөн оюндар райондун борбору Казарман айылында болду. Анда волейбол, эркин күрөш, аркан тартыш, таяк тартыш жана башка спорттун түрлөрү боюнча таймаштар өттү. Жеңүүчүлөргө кубоктор, спорттук кийимдер, топтор, мушкердик мээлей жана башка акчалай байгелер тапшырылды.
Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов да катышып, оюнга келген тургундарды милициянын коомдук коопсуздукту сактоодогу иштери менен учкай тааныштырды. Ага улай алтын бөлүп чыгаруучу заводго байланыштуу чыккан нааразылыктар жөнүндө да сөз козгоп, аны күч органдары кылдат иликтеп жатканына токтолду. Кен боюнча тургундар да ИИМ өкүлдөрүнө арыз-арманын айтышты. Курсан Асанов ал арыздарды өкмөткө жеткирүүгө убада берди.
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар жыл башынан бери митинг өткөрүп келатышат. 11-апрелдеги нааразылык акциясында ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөн. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, үч милиция кызматкери сабалган.
Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, 15 адам кармалган. Кийин сот алардын үчөөнү бошотуп, 12 адамды №1 тергөө абагына камакка алган. Бул ортодо “Макмалалтын” алтын кен комбинатынын аймагына алтын бөлүп алуу фабрикасын курууга уруксат бергендерге да иш козголгон. Ал эми райондук жана облустук ИИБнин жетекчилери митингдердин алдын ала албаганы үчүн кызматтан алынып, башкалар дайындалган. (ErN)