Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 08:09

Арменияда премьер-министрди шайлоо 8-майга белгиленди


Армениядагы демонстранттар, 2-май, 2018-жыл.

Арменияда жаңы өкмөт башчыны шайлоо 8-майда болушу мүмкүн, бул күнү парламенттин атайын жыйыны өтөт. Бул тууралуу спикер Ара Балояндын билдирүүсү маалымат каражаттарына таратылды. Анда өкмөт башчылыкка талапкер болчулардын аты-жөнү тууралуу маалымат камтылган эмес.

Парламенттин бүгүнкү жыйыны нааразылык акцияларынан улам болбой калды. Көптөгөн мыйзам чыгаруучулар иш кеңсесине кире албай калса, оппозициячыл депутаттар бойкот жарыялашты.

1-майда парламентте оппозициянын лидери Никол Пашиняндын талапкерлиги өкмөт башчылыкка каралып, өтпөй калды. Андан соң Пашинян элди жалпы иш таштоого чакырган.

Ереванда жолдор, метронун кире бериши жана өкмөттүк мекемелердин кире бериштери тосулуп турат. Жүздөгөн киши Армениянын баш калаасы менен эл аралык аэропортту туташтырган кара жолду бууду. Коопсуздук күчтөрү "Звартноц" аэропортуна тартылды. Пашинян өз жактоочуларын мыйзамды сактап, зордук-зомбулуктан алыс болууга үндөдү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG