Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү белгиленет


"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун 2017-жылдагы сөз эркиндигинин индекси.
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун 2017-жылдагы сөз эркиндигинин индекси.

3-май Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү катары дүйнөнүн көп мамлекеттеринде белгиленет. Бул күн БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген.

Эл аралык "Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) бул күндү утурлай дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 2018-жылы дүйнөдө 22 журналист киши колдуу болгон, былтыр 262 журналист соттолуп, камакка алынган жана 58и дайынсыз жоголгон.

Буга чейин аталган эл аралык комитет Кыргызстандагы сөз эркиндигине тынчсыздануусун билдирип, журналист Элнура Алкановага жана "Заноза" сайтына карата жүргөн соттук териштирүүлөрдү "сөз эркиндигине кысым" катары сыпаттаган.

25-апрелде баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Sans Frontières - RSF) уюму жарыялаган жылдык баяндамада Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча тизмеде былтыркыдан тогуз тепкичке ылдыйлап, 98-орунга түштү.

Баяндаманын авторлору муну бийликтин басма сөзгө көрсөткөн кысымы жана журналисттерге, эркин басылмаларга салынган чоң айыппулдар менен негиздеген.​ (NT)

XS
SM
MD
LG