“Абанын булганышы: Кыргызстан эмне кылышы керек?” деп аталган жыйында АКШдан келген эколог, профессор Майкл Броди баяндама жасап, башка мамлекеттердин тажрыйбасы тууралуу айтып берди.
Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, экологдор катышууда. Иш-чараны “Ачык асман” коомдук уюму өткөрүп жатат.
Абанын булганышына байланышкан көйгөй Бишкек шаарында курч. Жергиликтүү экологдор буга чейин баш калаада абанын булганышы нормадан 2-3 эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан.
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына караганда, Бишкектин атмосферасындагы ден соолукка зыян заттардын 90% автоунаадан чыгат. Таза эмес аба Бишкекте өпкө оорулардын көбөйүшүн шарттап жатканын дарыгерлер да маалымдашкан. (ErN)