Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:11

Сирияда орусиялык учактын кыйроо себебин атайын комиссия иликтейт


Орусиянын Сириядагы СУ-30 учагы. Архивдик сүрөт.
Орусиянын Сириядагы СУ-30 учагы. Архивдик сүрөт.

Учактын калдыктары, "кара кутусу" Москвага жеткирилгенден кийин экспертиза жүргүзүлөрүн жана кырсыктын чоо-жайы иликтенерин "Интерфакс" агенттиги кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, СУ-30М үлгүсүндөгү учак 3-майда Сириядагы "Хмеймим" аэродромунан учуп чыккандан кийин Жер ортолук деңизинде кыйраган. Эки учкуч тең мерт болгон.

Министрлик учакты эч ким атып түшүрбөгөнүн, анын кыймылдаткычына чымчык кирип кеткендиктен кулаган болушу мүмкүн экенин билдирди.

Сирияда курман болгон орусиялыктардын расмий саны ушуну менен 80ден ашты.

XS
SM
MD
LG