Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Активисттер бак-дарактарды кыюуга каршы жүрүшкө чыгышат


Бишкек. Токтоналиев көчөсүндө кыйылган бак. Июнь, 2017-жыл.
Бишкек. Токтоналиев көчөсүндө кыйылган бак. Июнь, 2017-жыл.

“Биз тумчугуп жатабыз!” деген жүрүш 14-майда болоорун жана ага коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, экологдор чыгарын “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, жүрүштө тал-теректерди кыюуну токтотуу, абанын булганышынын алдын алуу, таштандыларды тазалоо, Бишкектин архитектуралык жана инфраструктуралык келбетин бузбоо талаптары коюлат.

Мындай жүрүш апрелде да өткөн. Ага катышкан активисттер жана укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго кайрылып, өз талаптарын аткарууну суранышкан.

Расмий маалыматка караганда, былтыр борбордо 3000ге жакын бак-дарак кыйылган. Мэр Албек Ибраимов бак-дарактарды кыюу аргасыз чара экенин, бирок кыйылган бир бактын ордуна былтыр жети, быйыл он бештен көчөт отургузулганын маалымдаган. Экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе көп экенин айтып чыгышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG