Түндүк Корея Вашингтондун "Пхеньян сүйлөшүүгө Кошмо Штаттардын басымы алдында макул болду" деген билдирүүсү кырдаалды мурунку абалга алып келиши мүмкүндүгүн эскертти. Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы 6-майда жасаган билдирүүсүндө Кошмо Штаттарды азыркы “диалог атмосферасын” бузуу үчүн атайылап чагым жасап жатканы үчүн айыптады.
- Корей жарым аралындагы кырдаал тынчтыкка жана элдешүүгө жакындап калганда Кошмо Штаттар атайылап чагып жасап жатат, - деди маалымат бөлүмүнүн өкүлү.
АКШ президенти Доналд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жакынкы жумаларда жолугушаары кабарланып келет. Трамп 4-майда жасаган билдирүүдө жолугушуунун датасы жана өтө турган жери аныкталганын айтып, кеңири маалымат берүүдөн баш тарткан.