Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Трамп Ким Чен Ын менен жолугушуусу ийгиликтүү өтөрүнө ишеним артат


АКШ президенти Дональд Трамп
АКШ президенти Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен пландалган жолушуусу ийгиликтүү өтөрүнө ишеним артат. Ал бул тууралуу ишембиде Түштүк Корея жана Жапония башчылары менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин маалымдады.

Трамп “Мун Чже Ин менен абдан жакшы сүйлөштүм жана Синдзо Абэге Кытай боюнча мамилемди айтып бердим” деп "Твиттер" баракчасына жазды.

АКШ президентинин маалымдашынча, Ким Чен Ын менен жолушуу жакынкы аралыкта болот. Трамп саммит майдын аягында же июнь айында өтөрүн билдирип бирок, так датасын айткан жок. Жума күнү АКШнын коргоо министри Жеймс Меттис дагы сүйлөшүү натыйжалуу болорун билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG