8-майда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 21...26,
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19,
Нарын аймагында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз 2...7 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. Түнкүсүн 6…8, күндүз 22…24 градус жылыйт.