Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:00

Пхеньян Вашингтонду "ой-пикирди бурмалоодо" деп айыптады


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ин жана АКШнын президенти Дональд Трамп.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ин жана АКШнын президенти Дональд Трамп.

Түндүк Корея АКШны "дүйнө коомчулугунун ой-пикирин бурмалап жатат" деп айыптады. "Эл аралык "санкциялардан жана кысымдан улам сүйлөшүүлөргө отурууга аргасыз болууда" деген сөздөрү Вашингтондун чагымы болуп саналат", - деп айтылат өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

АКШ менен Түндүк Кореянын президенттери бир нече аптадан кийин жолугушмакчы. 4-майда америкалык лидер Дональд Трамп Ким Чен Ын менен саммиттин датасы жана өтө турган жери аныкталганын айтып, бирок чоо-жайын айтуудан баш тарткан.

27-апрелде болсо эки Кореянын лидерлери чек арадагы демилитаризациялык зонада тарыхый жолугушуу өткөрүшкөн. Трамп “болушунча кысым көргөзүү” өнөктүгү жана "санкцияларды күчөтүү Пхеньяндын позициясынын өзгөрүшүндө негизги ролду ойноду" деп айткан.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги Пхеньяндын сүйлөшүүлөргө макул болушун "алсыздыктын белгиси" катары кабыл албаш керек экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG