Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Түркияда сабалган Малика Ноотиева Кыргызстанга кетти


Малика Ноотиеваны Анталия шаарындагы мекендештери узатып келишти.
Малика Ноотиеваны Анталия шаарындагы мекендештери узатып келишти.

Түркияда сабалган Малика Ноотиева Кыргызстанга кетти. Бул тууралуу Малика Ноотиеванын адвокаты Энис Зияли "Азаттыкка" билдирди.

- Учурда Маликанын соту аяктап баратат. Буга чейин бир канча соттук отурум болду. Маликанын ооруканадагы анализдеринин баарын соттук-медициналык экспертизага жөнөттүк. Эми кийинки соттук отурум качан болору белгисиз. Шектүү бир түрк жараны учурда камакта. Ага Түркиянын Кылмыш-жаза кодексинин 147-беренеси жана 87-беренеси боюнча кылмыш иши коюлган. Анда киши өлтүрүүгө аракет кылуу жана зордук-зомбулук боюнча кеминде дегенде 20 жылдан кем эмес жаза алат деген үмүтүбүз бар.

Учурда Малика Ноотиева оор операциядан кийинки ооруканадагы дарылануусун бүтүргөн. Бирок сол тарабы толугу менен калыбына келе элек. Ал эми дарыгерлер Маликанын мурдагыдай сүйлөй башташына дагы бир аз убакыт керек экенин билдиришкен.

Сотто Малика Ноотиеванын укугун түркиялык төрт адвокат коргойт. Анын ичинде Түркиянын Үй-бүлө министрлигинин өкүлү да бар.

Ноотиева 2016-жылы Түркиянын Анталия шаарында зордук-зомбулукка кабылып ооруканага түшкөн. Башына үч сыйра оор операция жасалган. Эки жылдан бери ыктыярчылардын колдоосу менен соттун чечимин күтүп келет. (ElB)

XS
SM
MD
LG