Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Карачиде эки саясий партиянын мүчөлөрү мушташты

Пакистандын ички иштер министри Ахсан Икбалга кол салуудан кийин. 6-май, 2018-жыл.
Пакистандын ички иштер министри Ахсан Икбалга кол салуудан кийин. 6-май, 2018-жыл.

Пакистандын Карачи шаарында эки саясий партия бир жерде шайлоо алдындагы митинг өткөрүүгө аракеттенип, аягы мушташ менен тополоңго алып келди. 

Эки партия тең ошол аянтта акция уюштурууга алдын-ала уруксат алышканын билдиришти. «Пакистан элдик партиясы» менен «Акыйкат үчүн кыймылдын» тарапкерлери бири-бирине таш ыргытып, союл менен чабышып киришкен. 

Натыйжада айланадагы дүкөндөрдүн терезелери, кафелер талкаланып, бир нече машинеге өрт коюлду. Партиялардын программалары бири-биринен анча айырмаланбайт, шайлоочулары деле бирдей.

Жекшембиде Пакистандын ички иштер министри колуна ок тийип, жарадар болгон. Бул өлкөдө парламенттик шайлоо 15-июлга белгиленген.

XS
SM
MD
LG