Адегенде Аден шаарынын төрт районунда жашаган 350 миңдей киши эмделет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул өнөктүккө жалпы жонунан 4,6 доза вакцина бөлүп берген. Ушу тапта уюм согуштан, гуманитардык кризистен жабыркаган өлкөнүн башка кооптуу аймактарында да эмдөө жүргүзүүнү макулдашып жатат.
2016-жылдын ноябрь айынан бери Йеменде холера жуккан 2 миң 275 учуру катталган. Эмдөө иштери жаан-чачын күчөгөн маалда жүргүзүлүүдө. Дарыгерлер мындай аба ырайы оорунун жайылышына шарт түзөөрүн эскертишет.
Йемендеги хусит козголоңчулары эмдөөгө каршы чыгып, өнөктүктү кечеңдетип келишти. Ирандын колдоосуна ээ болгону айтылып жүргөн хусит согушкерлери Йемендин борбору Сана шаарын 2014-жылдан бери ээлеп турушат жана учурда өлкөнүн басымдуу бөлүгүн да көзөмөлдөшөт.
Улуттар Уюму эл аралык коомчулуктан Йемендеги гуманитардык жардамга муктаж тургундарга 2,96 миллиард доллар сурады. Төрт жылдан бери уланып жаткан согушта он миңдей киши кырылып, 22 миллиондон ашуун адам гуманитардык жардамга муктаж болуп чыккан.